Мамлекеттик казынадан социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү жалпы чыгымдардын болжол менен жарымына чейин көбөйөт. Сенат 2021-2023-жылдарга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды жактырды. Кабыл алынган документ дарыгерлердин эмгек акысын, студенттердин стипендиясын жогорулатууну жана абитуриенттер үчүн гранттардын санын көбөйтүүнү камтыйт. Коронавирустук инфекцияга жана пандемиянын кесепеттерине каршы күрөшүүгө кошумча каражат бөлүнөт.
Атап айтканда, дары-дармектер, медициналык багыттагы буюмдарды керектүү көлөмдө камсыздоо жана медициналык мекемелерди медициналык жабдуулар менен камсыздоо деңгээли жогорулайт. Бөлүнгөн каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорго, айылдарды жаңылоого жумшалат.
Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:
- «Айыл - өлкөнүн бешиги» долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражат 106 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлдү. Бул каражаттардын эсебинен миңдеген жумуш орундарын түзүү, миңден ашуун социалдык жана инженердик инфраструктура объектилерин куруу жана оңдоо мерчемделүүдө. Жумушка орноштуруунун жол картасын кошумча каржылоонун эсебинен 127 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат. Мындан тышкары, 15 миңге жакын жумуш орундарын түзгөн 5000ден ашуун бизнес долбоорлоруна насыялар берилет. Такталган бюджет өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын социалдык абалын жакшыртууга оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков