Президенттик шайлоого даярдык

Президенттик шайлоого даярдык

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Ошентип, Жамбыл облусунда добуш берүү күнү 493 шайлоо участкасы иштей баштайт. Алардын бардыгы жетинин айынын жетисине толук даяр болот. Бул аралыкта шайлоо комиссияларынын 3,5 миңден ашуун мүчөсү тизмелерин тактоодо жана жакында шайлоо процессине катышууга чакырууларды тарата башташат. Добуш берүүгө жети жүз миңден ашуун жамбылдыктар катышары күтүлүүдө.

Сергали Айдапкелов, Областтык шайлоо комиссиясынын төрагасы:

Чет өлкөдөн дагы 10 байкоочу келет. Андан кийин коңшу мамлекеттерден келишет. Кошумчалай кетсек, алдын ала эсептөө боюнча 493 шайлоо тилкесинде шайлоо процессине 1479 байкоочу көз салат. Анын ичинен 30-35и чет элдиктер. Чет элдик байкоочулар бардык аймактарда иш алып барышат.

Шайлоо участкалары тоскоолдуксуз чөйрө концепциясына толук жооп берет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тоскоолдуксуз келүүсү үчүн ылайыкташтырылган. Ошондой эле бюллетендер Брайл арибинде чыгарылат. Тактап айтканда, шайлоо күнү Чыгыш Казакстан облусунун 13 калктуу конушунда инватакси ишке кирет. Кошумчалай кетсек, ыңгайлуулук үчүн облустагы 469 объект имараттардын биринчи кабаттарына жайгаштырылат. Шайлоо процессинде шайлоочулардын тизмелери кылдат текшерилет. Добуш берүү күнүнө чейин алар кайра-кайра текшерилет. Бир күн мурун казакстандыктар тиешелүү СМС билдирүүлөрдү алышат.

Константин Петров, БШК төрагасынын орун басары:

Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге биз дагы бир жолу ар бир жаранды шайлоочулардын тизмесине кирген-киргизбегенин текшерүүгө чакырабыз. Бул үчүн алдын ала жергиликтүү аткаруу органынын байланыш борборуна кайрылсаңыз болот. Ошондой эле, санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жакынкы 2-3 күндүн ичинде СМС билдирүүлөрдү жөнөтө баштайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков