Мажилис Каспий маселесин карады

Мажилис Каспий маселесин карады

Казакстан менен Орусия Каспийди биргеликте иликтөө боюнча жумушчу топ түзүүдө. Бул тууралуу Мажилисте деңизди коргоо маселелери каралган жыйында айтылды. Мындан тышкары, Казакстан Азербайжан жана Түркмөнстан өлкөлөрү менен биргеликте Каспий деңизинин экосистемасын калыбына келтирүү долбоорун баштайт. Анын алкагында дүйнөдөгү эң ири жабык суу объектисинде булганууну башкаруу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер күтүлүүдө. Каспий аймагындагы мамлекеттердин жалпы долбоору 5 жылга эсептелген. Демилгени ишке ашырууга Глобалдык экологиялык фонд 12 млн доллар бөлөт.


Мансур Ошурбаев, Экология жана табигый ресурстар вице-министри:

- Глобалдык экологиялык фонддун грантынын эсебинен БУУнун Өнүктүрүү программасы аркылуу Каспий деңизинин Казакстан бөлүгүнө өзүнчө долбоорду ишке ашырууну каржылоонун суммасы 8 млн долларды түзөт. Каспий деңизинин жээгин ыңгайлашуу долбоорун ишке ашыруу үчүн адаптациялык фонддун каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгууда. Долбоордун болжолдуу суммасы-10 млн доллар.

Окумуштуулар Каспийдин мурда болуп көрбөгөндөй экологиялык каатчылыкка туш болгонун айтып, коңгуроо кагышууда. Атакөлгө 130га жакын дарыя куйганына карабастан, деңгээл жыл сайын 8 сантиметрге төмөндөп келүүдө. Адистердин айтымында, бул маселе тез арада чечилбесе, деңгээл 2050-жылга чейин 33 метрге төмөндөп кетүүсү мүмкүн. Деңиз агымынын алдын алуу үчүн өткөн жылы Каспий деңизиндеги Казак илимий-изилдөө институту түзүлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков