Акордада президентке 14 мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземи өттү. Касым-Жомарт Токаев дипломаттарга кайрылып, Казакстан бул мамлекеттер менен өз ара пайдалуу, достук мамилелерди кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыктар экенин баса белгиледи. Буга кошумча, өлкө башчысы Казакстандын экономикасын өнүктүрүүнүн жакшы келечеги бар экенин жана дүйнөлүк экономиканын олуттуу бөлүгү болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин айтты.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Казакстан дүйнөнүн
бардык мамлекеттери менен достук мамилелерди түзүүгө багытталган бейпил тышкы
саясатты жүргүзүүдө. Биздин саясат өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн
камсыз кылууга багытталган жана БУУнун Уставынын максаттары менен
принциптеринин негизинде адилеттүү тынчтык тартибин түзүүнү жактайт. Биздин
экономика Борбор Азиядагы эң ири экономика, бирок биз ушуну менен эле токтоп
калбайбыз. Биз алдыга умтулуп, экономикабызды дагы туруктуу жана күчтүү
кылгыбыз келет.
Салтанаттын соңунда мамлекет башчысы элчилерди Казакстандагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоодо ийгиликтерди каалады. Касым-Жомарт Токаев элчилердин мамлекет башчыларына жакшы каалоо-тилектерин айтып, саламын жолдоду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков