Казакстан-Орусия: Эки тараптуу өнөктөштүк тереңдейт

Казакстан-Орусия: Эки тараптуу өнөктөштүк тереңдейт

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуровду кабыл алды. Тараптар Казакстандын Президентинин Москвага боло турган мамлекеттик сапарынын күн тартибинин алкагында өлкөлөрдүн кызматташтыгынын негизги багыттарын караштырышты. Мамлекет башчысы жакынкы жылдары тараптар товар жүгүртүүнү 30 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын белгиледи. Орусия Казакстандын экономикасына инвестиция салуу темпи жана көлөмү боюнча лидерлердин бири болуп саналат. 2024-жылы алардын көлөмү 4 миллиард долларга жетти. Денис Мантуров Орусия тараптын эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендигин ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев аны өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков