Казак-Кытай жаңы темир жол курулушу башталды

Казак-Кытай жаңы темир жол курулушу башталды

Казакстан Кытайга багытталган жаңы темир жол курулушун баштады. Курулуш иштерин расмий түрдө Премьер-министр телекөпүрө аркылуу ишке кошту. Абай облусундагы «Аягөз-Бакты» линиясы өлкөнүн транспорттук-транзиттик дараметин арттырууга көмөктөшүп, эки мамлекеттин ортосундагы жүк ташуу көлөмүн 28 миллиондон 48 миллион тоннага чейин көбөйтүүгө да шарт түзөт. Анын ичинде Казакстандын экспортунун көлөмү көбөйүп, өлкөнүн түштүгүндөгү өткөрүү пункттарынын жүгүн азайтып, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. Эки жолдун темир жол линиясынын узундугу 272 чакырым. Ал 2027-жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, долбоор Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.

Алихан Смаилов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
- Темир жол курулушу — бул мамлекеттин экономикалык дараметин жогорулатуу каражаттарынын бири. Акыркы жылдары контейнердик жана транзиттик жүк ташуулардын көлөмү кыйла өсүп келүүдө. Транзиттик коридорлор кеңейүүдө. Бүгүн биз ири долбоорлордун бири – Бакты-Аягөз темир жолунун курулушун баштоо алдында турабыз. Бул долбоордун аркасында жүк ташуулардын бир бөлүгү Бакты-Аягөз темир жол линиясына жана Бакты-Шауешек эл аралык чек ара бекетине багытталат.

Александр Степура, Темир жол тармагынын ардагери:
- Аягөз-Бакты ​​багытында темир жолдун курулушу – бул экономикалык талап. Бул Казакстан менен Кытайдын ортосундагы үчүнчү өткөөл. Ал эми Казакстан аркылуу бул Европага, Орусияга жол. Бул жол багытында 11 түйүн бар. Жол боюндагы бардык айылдар керек болгон учурда жолго кызмат көрсөтө алат. Өз кезегинде айылдардын өнүгүүсүнө да жол ачылат. Себеби, темир жол элдин көчүп келишине комөктөшүп, инвестиция салууга жардам берет. Бул айылдар экономикалык өнүгүүнүн жаңы доорун өткөрөт. Эң негизгиси алыскы жана чек арага жакын аймактар өнүктүрүлөт. Ошондуктан бул темир жол бардык жагынан эффективдүү деп эсептейбиз.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө темир жол тармагында бир катар инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. 2022-жылдын жетинин айында «Достык – Мойынты» участкасынын экинчи тилкесинин курулушу башталган. Үстүбүздөгү жылы Алматыга айланып өтүүчү жаңы темир жолдун жана «Дарбаза – Мактаарал» темир жол линиясын куруу иштерине старт берилген. Жалпысынан 3 жыл аралыгында өлкөдө 1300 чакырымдан ашык темир жол курулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков