Казакстанда жаңы Баш мыйзамга ылайык, учурдагы мыйзамдарды масштабдуу кайра
кароо иштери уланууда. Конституциялык өзгөртүүлөр бардык ченемдик укуктук
актыларды шайкеш келтирүүнү талап кылды. Биринчи этапта мыйзамдардын топтому,
анын ичинде 6 конституциялык мыйзам кабыл алынган. Алар жаңыланган мамлекеттик
институттардын иши үчүн укуктук негиз түптөштү. Бул тууралуу Астанада өткөн эл
аралык илимий-практикалык конференцияда айтылды. Серепчилер конституциялык
реформанын мыйзамдарды өнүктүрүүгө жана мамлекеттик башкаруу системасына
тийгизген таасирин талкуулашты. Катышуучулар киргизилген өзгөртүүлөр коомдук
чечимдерди кабыл алууга катышуу механизмдерин өнүктүрөрүн өзгөчө баса
белгилешти. Мындан тышкары, бул кадам мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун
жогорулатат.
Марат Башимов, Казакстан
Парламентинин Мажилисинин депутаты, юридика илимдеринин доктору:
– Теке айынын 1нен баштап коомчулук менен
байланышта жаңы этап башталат, бул конституциялык институттарды жаңыча
форматтоо күчүнө кирет. Бул жарандарга жеткиликтүүлүктү, кесипкөйлүктү
жогорулатууга жана келечектеги парламенттик корпуска көбүрөөк катышууга
мүмкүндүк берет. Анткени Президент башынан эле парламент кесипкөй болушу керек
деп айткан. Бул курултай сыяктуу терең семантикалык жүктү көтөргөн кесипкөй,
жоопкерчиликтүү парламент үчүн өтө негизги сөз.
Жанар Джигитекова, Юстиция министрлигинин Мыйзам
чыгаруу жана укуктук маалымат институтунун мүдүрү:
– Жаңы Конституциялык реформага байланыштуу негизги маселелер, албетте, биринчи кезекте, мыйзам кабыл алуу аянтчасы боло турган бир палаталуу Парламентти түзүү болуп саналат. Мыйзам чыгаруу органынын мыйзам кабыл алуудагы жоопкерчилигинин деңгээли жогорулайт. Мындан тышкары, бул мыйзам чыгаруу процессинин бүткүл жол-жобосуна таасири тийиши керек. Анткени бул жол-жоболор мыйзам долбоорлору Парламентке келер алдында этаптарга өтүшү зарыл. Мыйзам долбоорунун идеясы, анын концепциясы, коомдук-укуктук экспертизанын талкуу этабында.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

