Пайдалуу кендер, таштар, асыл таштар жана байыркы палеонтологиялык табылгалар. Астанадагы минералогиялык музейде 2300дөй уникалдуу жана сейрек кездешкен экспонаттар сунушталган. Бул Казакстандын аймагынан табылган экспонаттар гана эмес, коңшу мамлекеттер ал тургай башка континенттеги Австралия, Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Африкадан да алынып келинген. Бул пайдалуу кендердин ар түрдүүлүгү боюнча Борбор Азиядагы уникалдуу музей. Анын кору дайыма толукталып турат. Топтолгон таштардын негизги өзгөчөлүгү – алардын табигый абалында сакталышы. Маселен, бул пирит мындан 120 жыл мурда Казакстандын аймагынан табылган. Эч кандай иштетүүдөн өтпөгөн таш дээрлик өз калыбында турган.
Олжобай Исмаилов, Казакстандын
эмгек сиңирген геологу, минералогиялык музейдин негиздөөчүсү жана жетекчиси:
- Бул чыныгы музейлик үлгү. Американын,
Европанын музейлеринде болдум, бирок мындай экспонатты кезиктире элекмин.
Борбор калаада ушундай музей болууга тийиш. Анткени биз жаратылыш ресурстарына
бай өлкөбүз. Чийки затты сатып, инвесторлорду тартуу үчүн биринчи кезекте бизде
эмне бар экенин көрсөтүшүбүз керек. Бул музейдин милдеттеринин бири болсо,
экинчиси андан да тереңирээк, тарбиялык максатты көздөйт.
Музейдин негизги максаты – казынага толгон Казакстандын
кен байлыктарын туристтерге, чет элдик конокторго жана өлкөнүн тургундарына тааныштыруу.
Бул жерде экспонаттарды көрүп эле тим болбостон, кол менен кармап көрүүгө да
болот.
Мурат Сайдуакасов, Казакстандын эмгек сиңирген геологу, геология-минералогия илимдеринин кандидаты:
- Геология жөн эле куру кесип эмес,
ал илим менен искусствонун айкалышы, өзүнүн романтикасы бар кесип. Жер
астындагы сулуулукту жана сырды дал ушул жерден көрүүгө болот. Бул жакка келген
баланын көздөрү жайнап, геолог болууну кыялданат. Кесиптик багыт берүү үчүн
мындан жакшы жер ойлоп табуу мүмкүн эмес.
Музейдин негиздөөчүсү Олжабай Исмаилов бүткүл дүйнө
сейрек кездешүүчү минералдар менен таанышууну кыялданат. Анын айтымында, ага
Европа мамлекеттеринен көчмө көргөзмө уюштуруу сунуштары көп түшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

