Касым-Жомарт Токаев Азербайжандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Илхам Алиев Казакстанга ыкчам издөө-куткаруу иштери жана Актауга жакын жерде кыйраган учакта жабыркагандарга жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттер каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо сөздөрүн айтышты. Касым-Жомарт Токаев казакстандык тарап авиакырсыктын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү тактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди. Казакстандын президенти Владимир Путин менен бул багыттагы иштерди талкуулады. Мамлекет башчылары Казакстан менен Орусиянын жарандарынын кайгылуу курмандыктарына байланыштуу көңүл айтышты. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Өкмөттүк комиссия Азербайжан, Орусия жана Бразилиянын адистерин тартуу менен иликтөөнү улантып жатат. Мындан тышкары, учак кырсыгына байланыштуу мамлекет башчы жыйын өткөрдү. Анда Касым-Жомарт Токаев тез жардам кызматтарынын ырааттуулугун жана ыкчамдыгын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Алгачкы мүнөттөрдөн тарта биздин жарандар жапа чеккендерге жардам колун сунуп, тилектештикти, чын ыкластуу боорукердикти жана уюшкандыкты көрсөтүштү. Эл кан тапшыруу үчүн кезекке турушту. Көптөгөн мекендештерибиз Азербайжан элчилигинин имаратына гүл чамбарларын коюшту. Мындай реакция ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Биздин куткаруучулардын, дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жан аябас эмгегине бүт дүйнө күбө болду. Коңшу дос мамлекеттердин – Азербайжандын, Орусиянын, Кыргызстандын жарандары өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Президент Актауга жакын жердеги авиакырсыкка байланыштуу кеңешме өткөрдү
Мамлекет башчысы Өкмөттүк комиссияга каза болгондорго бардык зарыл медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууну, ошондой эле каза болгон казакстандыктардын жакындарына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Касым-Жомарт Токаев авиакырсык боюнча ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, мамлекеттик органдарга өлкөдөгү авиациялык коопсуздуктун абалын текшерүү тапшырмасы берилди. Президент азербайжандык Azal авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүн куткарууда эрдик жана кесипкөйлүк көрсөткөн казакстандыктардын жоон тобун сыйлады. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер, милиция кызматкерлери, Маңгыстау райондук электр тармактар ишканасынын жана Актау эл аралык аэропортунун кызматкерлери.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

