Астанада 30 сейрек кездешүүчү фолиант жана 50 манусткрипт тааныштырылды. Кызылорда облустук тарыхый-өлкө таануу музейи көрүүчүлөрүнүн назарына өзүнүн «Кылымдар руханияты» экспозициясын сунуштады. Сейрек кездешүүчү чыгармалар араб, перс жана чагатай тилдеринде жазылып, 18-20-кылымдарда жарык көргөн. Мындан тышкары, көргөзмөгө сейрек кездешүүчү кол жазмалар, тарыхый инсандардын мөөрлөрү, облустун көрүнүктүү акындары колдонгон музыкалык аспаптар коюлду. Келген коноктордун айтымында, мындай иш-чаралар өзгөчө дем берет. Себеби, мында ата-бабалардын тарыхый жана руханий-маданий мурастары менен таанышууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков