Президентикке талапкерлер өз тандоолорун жасашты

Президентикке талапкерлер өз тандоолорун жасашты

Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодо добуш берди. Ал өз тандоосун жасагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясий реформаларды улантуу керектигин жана Өкмөттө тармактык гана өзгөртүүлөр болоорун билдирди.

Мамлекет башчылыгына талапкер Жигули Дайрабаев атуулдук милдетин аткарды. «Казакстан фермерлер союзу» бирикмесинин жетекчиси өлкөнүн келечегине ишенерин баса белгиледи.

Талапкер Нурлан Ауесбаев шайлоого катышуу бул атуулдук милдет экенин белгилеп, өз командасына аткарган эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Президенттикке талапкер Каракат Абден да өз шайлоо участкасында тандоосун жасады. Талапкер шайлоодон кийин өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө үмүт артып турганын айтып өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков