Актауда Казакстандын Премьер-министри менен Германиянын президенти «Убакыт капсуласын» салды

Актауда Казакстандын Премьер-министри менен Германиянын президенти «Убакыт капсуласын» салды

Андан соң Алихан Смаилов жана Франк-Вальтер Штайнмайер жаңы окуу жайдын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө кайрылуу жасашты. Алардын окуусу ушул жылдын аяк оона айында башталат. Азырынча студенттер Есенов атындагы Каспий мамлекеттик технология жана инженерия университетинде билим алышат. 2029-жылы убакыт капсуласын ачуу аземи аларга таандык болот. Биринчи окуу жылында билим берүү эки программа боюнча жүргүзүлөт. Кийинчерээк ал 8 бакалавр жана 6 магистратурага кеңейтилет. Студенттер өнөр жай автоматташтыруу жана робототехника, суу ресурстары жана калдыктарды башкаруу, энергиянын кайра жанма булактарын өнүктүрүү, технологиялык инженерия, буюмдардын интернети, маалымат илими жана жасалма интеллект боюнча окутулат. Комплекстүү программа Есенов университетинде үч жыл жана Германиядагы өнөктөш университетте бир жарым жыл окууну камтыйт. Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер өз сөзүндө жогорку квалификациялуу инженерлерди даярдоо казакстандык дагы, германиялык дагы компаниялар үчүн пайдалуу экенин белгиледи. Алихан Смаилов институт талап кылынган кадрларды даярдоого, илимий изилдөөлөргө жана жаңы технологияларды, анын ичинде «жашыл» суутек өндүрүү тармагына өз салымын кошоорун билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков