Казакстан
Европа Биримдигинин рыногуна жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашык 175 товар
түрүн экспорттоону көбөйтүүгө даяр. Европалык компаниялар жаңы долбоорлорду
каржылоо үчүн «Астана» эл аралык каржы
борборунун аянтчасын пайдалана алышат. Бул тууралуу Казакстандын Президенти
Самарканддагы «Борбор Азия –
Евробиримдик» саммитинде билдирди.
Мамлекет башчысы экономикадан тышкары энергетика тармагын маанилүү багыт деп
атады. Евробиримдик чет өлкөдөн импорттогон мунайдын 13 пайызга жакыны Казакстанга туура келет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Казакстан кайра жанма энергия булактарын жана
экологиялык жактан таза отун долбоорлорун ишке ашыра баштады. Тотал, Eni,
Svevind жана башка европалык компаниялар сыяктуу көптөн бери иштеп келе жаткан
өнөктөштөрүбүз менен биргеликте шамал жана күн электр станцияларынын
кубаттуулугун жогорулатып, «жашыл» суутекти өндүрүү долбоорун колго алдык. Кошумчалай
кетсек, Казакстан Өзбекстан жана Азербайжан өлкөлөрү менен биргеликте Каспий
деңизи аркылуу «жашыл» энергияны Европа
рыногуна жеткире турган бирдиктүү электр тармагын куруу боюнча масштабдуу
долбоорду баштады.
Азыр сейрек кездешүүчү минералдарды өздөштүрүүдө
кызматташуу стратегиялык мааниге ээ. Президент Астанада бул металлдарды изилдөө
боюнча аймактык борбор түзүүнү сунуштады. Европа Биримдиги менен Борбор Азияны
байланыштырган дагы бир тармак – бул транзит. Бул жаатта Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун
дарамети зор. 2027-жылга чейин жүктүн
көлөмүн 10 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Европа Бирлигинин Борбор-Азия
регионунда туруктуу транспорттук каттамдарды өнүктүрүүгө Global Gateway оң
таасирин тийгизет. Мамлекет башчысы санариптик технологияларды өнүктүрүү
маселелерине өзгөчө токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Европа Биримдиги Team
Europe демилгеси аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүнө санариптик технологиялар
тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берип жатат. Казакстан бул
багытта тажрыйба алмашууга даяр. Буга байланыштуу мен Astana Hub базасында «Борбордук Азия – Европа
Биримдиги»
инновациялык кампусун ачууну сунуштайм.
Касым-Жомарт Токаев «Борбор Азияга арналган Erasmus+»
программасын иштеп чыгууну сунуштады, анда жасалма интеллект тармагында
адистерди даярдоого артыкчылык берилет. Президент Казакстан тең салмактуу тышкы
саясатты бекем карманарын жана кызыкдар мамлекеттер, эл аралык түзүмдөр, анын
ичинде Европа Биримдиги менен кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенип жатканын баса
белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

