Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өттү

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өттү

Бүгүн Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун 10-мааракелик саммити өттү. Касым-Жомарт Токаев жолугушууга катышуу үчүн түрк элдеринин мекени болгон Казакстанга келген мамлекет башчыларын өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алды. Президент биринчи кезекте Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши бүгүнкү күндө дүйнөлүк державалар менен бирдей шартта өз ара аракеттенүүчү толук кандуу эл аралык уюмга айланганына көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- «Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040» документи жактырылды. Эң негизгиси боордош өлкөлөрдүн ынтымагын чыңдадык. Биз дүйнөгө жалпы баалуулуктарыбызга берилгендигибизди көрсөттүк.

Казакстан Түрк мамлекеттеринин уюмуна «TURKTIME!» урааны менен төрагалык кылат. Бул 8 артыкчылыктын аббревиатурасы. Анын ар бирине өз-өзүнчө маани берилет. Алардын катарында реформалар, инвестиция, медиация жана унификация бар. Акыркысынын алкагында президент Уюмга мүчө өлкөлөрдүн стандарттарын системалаштырууну сунуштады. Демилге өнүмдү эркин экспорттоого жана товар жүгүртүүнү бир жарым эсеге көбөйтүүгө жол ачат. Бул жылы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы соода-алмашуу 22 миллиард доллардан ашты. Мамлекет үчүн инвестиция да маанилүү. Мында Түркиянын инвестициялык фонду маанилүү роль ойнойт. Уюмдун бардык мүчөлөрү Астана шаарына Түрк дүйнөсүнүн каржы борбору макамын берүү демилгесин колдой турганын билдиришти. Өзгөрүүлөр уюмдун өзүнө да таасир этиши керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Акыркы убакта эл аралык жана аймактык түзүмдөр тарабынан биздин Уюмга кызыгуу күчөдү. Биз экономикалык кызматташтык уюмуна байкоочу макамын берүү демилгесин колдойбуз. Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму менен кызматташууну жолго коюуну сунуштайбыз.

Мамлекет башчысынын айтымында, туруксуз эл аралык кырдаалда түрк элдеринин биримдигин чыңдоо маанилүү. Касым-Жомарт Токаев кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү боюнча келишим түзүүнү сунуштап, медиациянын ролун жогорулатууну актуалдуу милдет деп атады. Ал эми Казакстан Палестина элине 1 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам берерин жарыялады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз ар кандай чыр-чатакты тынчтык сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык диалог аркылуу гана чечүүгө чакырабыз. Биз бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоо жана алардын ички иштерине кийлигишпөө негизги артыкчылыктар деп эсептейбиз. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын кыйшаюусуз аткаруу жана эл аралык укуктун нормаларын сактоо маанилүү.

Саммиттин жыйынтыгында Астана актысына, Декларацияга, Транспорттук коммуникациялар программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына жана башка бир катар документтерге кол коюлду. Белгилей кетсек, ТМСнын кийинки жыйыны 2024-жылы Кыргызстанда өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков