Казакстан президенти Достык – Мойынты темир жолунун экинчи линиясынын ишке киришине старт берди

Казакстан президенти Достык – Мойынты темир жолунун экинчи линиясынын ишке киришине старт берди

Казакстандын президенти VII эл аралык транспорттук-логистикалык New Silk Way бизнес-форумунун алкагында Достык – Мойынты темир жолунун экинчи линиясынын ишке киришин теле көпүрө форматында баштап берди. Бул республиканын көз карандысыздык жылдарында курулган эң ири темир жол магистралы. Долбоор Казакстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Эскерте кетсек, линия Казакстанды Кытай менен байланыштырат. Жаңы жол жүк ташуунун көлөмүн 5 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Экспорттук товарларды жеткирүү мөөнөтү кыскарып, транзиттик дарамет бекемделет.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз чынында эле өзгөчө маанилүү инфраструктуралык долбоор болгон Достык – Мойынты темир жолунун экинчи линиясынын расмий ачылышына күбө болуп жатабыз. Албетте, бул Казакстандын транспорттук-логистикалык тутумунун өнүгүшүнө жана натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө түрткү берет. Мындан 35 жыл мурда «Достык – Алашанькоу» долбоору ишке киргизилген. Казакстан менен Кытайдын темир жолдорунун биригиши биздин өлкө үчүн тарыхый окуя болгон.


Казакстан Евразиянын негизги транзиттик хабдарынын бирине айланды. Анын аймагы аркылуу Түндүктү Түштүк менен, Батышты Чыгыш менен байланыштырган 5 темир жол коридору өтөт. Бул салымдардын натыйжасы - 10 жылдын ичинде тармакка 35 миллиард долларга жакын инвестиция салынды. Бул иш улантылат. Касым-Жомарт Токаев темир жол тармагынын алдында масштабдуу милдеттер турганын баса белгиледи. Бул тармакка санариптештирүү жана жасалма интеллект технологиялары да активдүү киргизилет.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Келечекте 5 миң чакырым темир жол куруу жана 11 миң километр темир жолду оңдоо пландаштырылууда. Учурда Мойынты – Кызылжар темир жолун куруу иштери жүрүп жатат. Кызылжар станциясынан Актау портуна чейинки тилкелер жаңыланат. Бул маршрут Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун негизги бөлүгү болуп саналат. Бул чаралардын баары Европа менен Азиянын ортосундагы байланышты бекемдейт, ошондой эле ТрансКазакстан темир жол маршрутунун жана Ортоңку коридордун динамикалуу өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков