Парламенттер аралык кызматташтык чыңдалат

Парламенттер аралык кызматташтык чыңдалат

Улуттук кызыкчылыктарды урматтоого негизделген кызматташтык-КМШнын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Бул тууралуу Сенаттын спикери Маулен Ашимбаев Самаркандда башталган Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйынында билдирди. Казакстан КМШ мейкиндигинде улуттук кызыкчылыкка ылайык кызматташууну улантууну колдойт. Байланыштын бул түрү экономиканын өсүшүнө, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга жол ачууга тийиш. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн делегациясы экология маселесин да көтөрөт. Күн тартибине арал маселеси коюлуп, тараптардын сунуштары, ой-пикирлери угулат.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:

Кеңештин жыйынында ири маселелер талкууланууда. Илим, билим берүү, социалдык саясат, адам укуктары, маданият, туризм жана башка актуалдуу кызматташуу багыттары бар. Прагматикалык жана өз ара ишеним багытында биргелешкен ишибизди ырааттуу улантуу абдан маанилүү. Биздин өлкөлөрүбүздүн улуттук кызыкчылыктарын өз ара урматтоого негизделген ар тараптуу кызматташтык, Шериктештик мейкиндигинде узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп санала тургандыгы түшүнүктүү.

Жалпысынан КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы уюмга мүчө мамлекеттерде жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларга көз салып турат. Быйыл бул уюмдун байкоочулары Казакстандагы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга катышты. Өлкөбүздү дагы бир саясий компания күтүп турат. Сенаттын төрагасы белгилегендей, бул өзгөртүүлөр мамлекетти эволюциялык өнүгүү жолуна салат. Жетинин айынын 20сында өтүүчү президенттик шайлоого КМШнын парламенттик түзүмүнүнүн өкүлдөрү чакырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков