Актау 2025-жылы
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп тандалды.
Эстафетаны Маңгыстау облусунун облустук борбору түркмөн Анаудан кабыл алды.
Мындай макамга Казакстандын эки шаары - 2012-жылы - Астана жана 2017-жылы -
Түркестан шаарлары ээ болгон. Жылдын салтанаттуу ачылышы жалган
куран айына белгиленген. Ал учурда түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздору менен
делегацияларынын катышуусунда форумдар, илимий конференциялар, концерттер, эл
аралык фестивалдар, көргөзмөлөр жана жолугушуулар башталат. Бул программалар
ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин Ашхабадда өткөн 41-жыйынында талкууланды.
Султан Раев, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы:
- Бул абдан бийик макам. Актау түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болууга
толук татыктуу жана моралдык укугу бар. Актау – Казакстандын эле эмес, бүткүл
түрк дүйнөсүндөгү өлкөнүн руханий мегаполистеринин бири. Ал эми 2025-жылга
пландаган иш-чаралардын баары Актауда өтөт. Актау түрк дүйнөсүндө татыктуу таанылат
деп ойлойм жана биз Актау шаарын түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири
катары жайылтуу иштерин улантабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков