Улуттук
медиа – элдин үнү, ал эми журналист – жаратмандыктын жарчысы. Мындай пикирин Касым-Жомарт
Токаев массалык маалымат каражаттары тармагынын кызматкерлерин алдыдагы
кесиптик майрамы менен куттуктап жатып
билдирди. Журналисттер мамлекеттин саясатын элге
түшүндүрүп, коом менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп келет. Реформалардын
маани-маңызын журтчулукка жеткирет. Бул – өтө маанилүү жана татаал жумуш. Ар
бир адамдын колунан келе бербейт, - деди Президент.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биз алдыңкы ой жүгүрткөн улут болушубуз керек. Көч
башында турган өлкөлөрдүн катарына кошулушубуз зарыл. Бир эл болуп, муштумдай
түйүлсөк, бул максатыбызга сөзсүз жетебиз. Ушул орток ишке журналисттер
коомчулугу да зор салым кошуп жатат. Сиздерди реформанын кыймылдаткыч күчү деп
айтууга болот. Түпкүрүндө, бийлик да, басма сөз да элдин жыргалчылыгына кызмат
кылат. Өлкөбүздүн максаты – бийик, багыты – айкын. Бул – адилеттүү, коопсуз,
өркүндөгөн жана Таза Казакстанды куруу.
Мамлекет башчысы азыркы глобалдык геосаясий,
геоэкономикалык абалга да токтолду. Глобалдык санариптик трансформация менен
дүйнө жаңы доорго кадам таштады. Жасалма интеллект технологиялары мамлекеттин
ийгиликтүү өнүгүүсүнүн башкы факторуна айланат. Президент цивилизациянын
көчүнөн артта калбоо үчүн инновацияны бардык тармактарга ыкчам түрдө киргизүү
зарылдыгын айтты. Жасалма интеллект журналисттерге да жаңы талап коёт. Бирок,
жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келиши да мүмкүн. Кандай гана ийгилик болбосун
биримдик менен келерин унутпаган оң. Баарынан маанилүүсү – туруктуулукту жана
тынчтыкты баалоо зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Мен журналисттерибиздин ар бир маалыматты улуттук кызыкчылыктын көз карашынан талдай аларына ишенем. Себеби өзүм көп окуйм, сиздер жазган макалалар, ой-пикирлер менен таанышмын. Азыр журналисттерибиз түрдүү тармакта иштеп жүрөт. Калемгер жана кайраткер азаматтарыбыз аз эмес. Маалымат тармагынын өкүлдөрү Парламент менен маслихаттарда ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Ошондой эле жергиликтүү жана борбордук аткаруу органдарында кызмат өтөп жүргөн азаматтар бар. Бул журналисттин көп кырдуу адис экенин ачык көрсөтөт.
Сөз – өтө күчтүү курал. Президент бир ооз сөз касташкан
элди элдештирет, элдешкен элди касташтырат деди. Ошондуктан сөздүн кудуретин
терең түшүнүп, анын салмагын сезе билүү зарыл. Демек, журналисттерге өзгөчө
ишеним жана зор жоопкерчилик жүктөлөт. Жыйынга маалымат тармагынын ардагерлери
да катышты. Мамлекет башчысы жыл сайын салт боюнча журналисттерге Президенттик
сыйлыктарды жана гранттарды тапшырып, ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен
катар, медиа тармагынын өкүлдөрүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

