Казакстандын тарыхынын жана маданиятынын эстеликтери үч томдукка киргизилет. Ал өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан «Асыл мурас» программасынын алкагында жарык көрөт. «Жарандык демилгелерди колдоо борборунун» төрагасы Галым Курман белгилегендей, бул иш Улуу Талаанын руханий мурасын сактоого багытталган.
Галым Курман, Жарандык демилгелерди колдоо борборунун төрагасы:
- Бизде Асыл Мура программасы бар. Биринчи тому быйыл чыкты. Анда мемориалдык комплекстер тууралуу материалдар камтылган. Тарыхый эстеликтер келерки жылы чыгарылат. Үчүнчү жылы маданият эстеликтери боюнча үч томдук чоң китеп чыгарабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков