Келген конокторго заманбап режиссёрлордун, актерлордун жана музыканттардын чыгармачылыгы тууралуу айтылып, корей тилинде Казакстан тууралуу китептин бет ачары болду.
Чжонг Хе Чжин, Сеул шаары тарых музейинин кызматкери:
- «Алматы – улуу талаанын бермети» аттуу көргөзмө өткөн жылдын бештин айында башталган. Келген адамдардын катары калың болду. Ошондуктан алардын канча экенин так айтуу кыйын. Бирок күнүнө миңге жакын адам келгени анык. Бүгүнкү жолугушуунун аркасында Казакстан менен Кореянын ортосундагы кызматташтык, мамилелер, маданий алмашуу, тарых жана Q-pop боюнча көптөгөн маалымат алдык.
Чжон Сын Мин, Түштүк Кореянын Алматы шаарындагы мурдагы башкы консулу:
- 2018-жылы Кореяга кайтып келгенден кийин китеп жаздым. Анда казак маданияты, тарыхы, адамдар менен болгон мамилем тууралуу сөз болот. Бул китеп аркылуу корейлер Евразиянын борбору – Казакстан жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк алышты деп ойлойм.
Конокторго корей музыкасынын популярдуулугунан улам Q-popтун казакстандык аналогу пайда болгондугу тууралуу айтылды. Кечеде казак ырлары да аткарылды.
Сон Вон, ырчы:
- Мен эч нерсе кылган жокмун. Казак ырларын корей тилинде гана өз стилимде аткардым. Чыгармачылыгым көпчүлүккө жакты. Менин оюмча маданият тажрыйба алмашуунун аркасында өнүгөт деп ойлойм. Казакстан жаратылыш ресурстарына бай жана экономикалык өсүш боюнча региондо биринчи орунда турат. Казак маданияты, музыкасы дүйнөдөгү алдыңкы орунда болушуна тилектешмин.
Эки өлкөнүн маданий алмашуусу быйыл да сөзсүз уланат. Жалган куран айында Күн Чыгыш өлкөсүнүн ырчылары Казакстанга, ал эми ата мекендик опера жана заманбап музыканын артисттери Кореяга гастролдук сапарга барууну мерчемдеп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков