Эмне үчүн 2024-жыл Казакстанга саякаттоо үчүн эң сонун убакыт? Бул темадагы макала дүйнөгө белгилүү National Geographic басылмасында жарык көрдү. Макаланын автору өлкө дүйнөнүн көптөгөн шаарларынан учак менен учуу мүмкүнчүлүгү жана ачыктыгы менен туристтер үчүн абдан жагымдуу экенин жазган.
Мындан тышкары визасыз режим, көчмөндөрдүн тарыхы менен маданиятын ачып берген фестивалдар жана кооз жаратылышы артыкчылык болуп саналат. Баарынан да автор Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Көлсай менен Кайыңдыга, Шарын капчыгайына, Мангыстау бөксө тоолоруна жана Шымкентке барууга кеңеш берген. Ошентип көчмөндөрдүн маданияты менен кайталангыс салттар аркылуу таанышууга мүмкүнчүлүк бир гана Казакстанда бар экендиги жазылган. Алардын ичинен ат чабууга, саяпкерчиликке, салттуу улуттук тамак-ашка, казактын эти менен куртунун даамын татып көрүү керектекгине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле National Geographic быйыл күзүндө Астанада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барууну сунуштады.
Негизинен Казакстанга саякаттоо үчүн эң ылайыктуу мезгил ДЕП ЖАЗ жана күз көрсөтүлгөн. Анткен менен кышында лыжа курорттору саякатчылардын сөзсүз көрө турган жери.
Которгон: Илгиз Жамалбеков