Казакстандын борборунда башталган президенттин
телерадиокомплексинин «Хроникадан –
келечекке» аттуу кинолекторийи аймактарда уланды. Мисалы, Кызылорда шаарында
көрүүчүлөргө «Арал» даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Авторлор башкы каарман
Кунтуган Турганбаевдин тагдыры аркылуу Аралдын тарыхын жана аймакта акыркы он
жылдыктарда болгон өзгөрүүлөрдү ачып беришет.
Нурлыбай Улыкпан уулу, көрүүчү:
– Абдан жакшы тартылып,
жеткиликтүү кылып берилген. Кадимки балыкчы – анын тагдыры, анын жашоосу
аркылуу жарым сааттын ичинде бизге көп нерсени жеткире алышты. Аралды калыбына
келтирүү маселеси Президент Касым-Жомарт Токаевдин өзгөчө көзөмөлүндө, бул,
албетте, үмүт берет.
Көрүүчүлөргө тартууланган дагы бир тасма – «Серт». Ал
2024-жылдагы ири суу ташкыны сыяктуу табигый кырсык менен күрөшүүгө арналган.
Тасмада жазгы селдин кесепеттерин кыска убакыттын ичинде кантип жоюуга, жаңы
үйлөрдү курууга жана инфраструктураны калыбына келтирүүгө жетишилгени
көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр белгилегендей, ошол кезде мамлекет башчысынын жеке
көзөмөлүндө суу ташкынынын бардык кесепеттери ийгиликтүү жоюлган.
Түркестан,
Шымкент жана Таразда
кинолекторий уланды. Бул шаарларда кино сүйүүчүлөргө «Travel Kazakhstan» жана «Кубаттуу өнөктөш» даректүү
тасмалары да өзгөчө таасир калтырды. Биринчиси өлкөнүн туристтик
мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндаса, экинчиси Казакстан менен Жапониянын кызматташтыгынын
өнүгүшү тууралуу. Ошентип, көрүүчүлөр чыныгы окуялар жана адамдардын тагдырлары
аркылуу даректүү хроника менен өлкөнүн тарыхын тааныша алышат.
Динмухаммед Кудайберген, көрүүчү:
– Фильм
абдан жакшы таасир калтырды. Мага жакты. Казахстандык даректүү тасмалар жаңы
деңгээлге чыгып жатканы кубандырат. Тасмада ар бир деталга көңүл бурулган.
Каармандардын образдары да жакшы ачылган. Мен даректүү тасмаларды жаратууда эч
кандай чектөө жок экенин түшүндүм.
Эскерте кетсек, «Хроникадан келечекке» республикалык кинолекторийи Казакстандын азыркы тарыхы тууралуу баяндаган даректүү кинону жайылтууга багытталган. Ири агартуу долбоору президенттин телерадиокомплексинин 30 жылдыгынын алкагында ишке ашырылууда. Көрсөтүүлөр өлкөнүн башка аймактарында да өтөт. Ал эми аяк оона айынын 25де Алматы шаарында жыйынтыкталат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

