Анкарада «Алаш туусу астында» даректүү тасмасы түрк тилинде көрсөтүлдү. Казакстандын Түркиядагы элчилигинин жана «Көктү» казак маданият коомунун демилгеси менен өткөн иш-чара, Алаш ордо өкмөтүнүн 105 жылдыгына жана Эгемендүүлүк майрамына арналды. Маанилүү жыйындын жүрүшүндө Алаш идеясы жана Алаш ордонун каармандары тууралуу кеңири маалымат берилип, алардын түрдүү тагдырлары талкууланды.
Фатих Килешчиоглу, Хажы Байрам университетинин профессору:
Тасманы көрүп жатып көзүм жаш алды. Айрыкча чыгарманын маңызы жүрөктү элжиретет. Түркияда Алаш улуттук кыймыл катары гана белгилүү. Бирок, Алаш ордонун түзүлүшү, анын кыйынчылыктары, алардын тагдыры тууралуу көп айтыла бербейт.
Назерке Ахметова, студент:
Студент катары өзүм менен бирге окуган досторумду ээрчитип келдим. Түрктөрдөн эле эмес, башка өлкөлөрдөн да досторум болду. Бири-бирибиз менен сүйлөшкөнүбүздө алар, жалпысынан казак тарыхына кызыгышат. Бүгүн келип, өздөрү күбө болушту. Ошондуктан бул чын эле ушундайбы деп сурап жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков