Айыл чарба, өнөр жай, автомобиль инфраструктурасын жана тамак-аш өндүрүшүн өнүктүрүү, ошондой эле бизнести колдоо. Президент Касым-Жомарт Токаев жумушчу сапарынын алкагында Жетисуу облусунун коомчулугу менен жолугушууда беш маанилүү артыкчылыкты белгиледи.
Облус тургундары менен жолугушууда мамлекет башчы казак-кытай чек арасындагы кезек күтүүлөр боюнча абалды оңдоону тапшырды. Ал үчүн Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, «Алакол» жана «Нур жолу» чек ара бекеттеринде электрондук кезекти киргизүүнү тездетүү зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Жүк ташуучу унаалар топтолуп, айдоочулардын негиздүү нааразычылыгын жаратууда. Кырдаалды оңдоо үчүн “Алакол” жана “Нур жолу” чек ара бекеттеринде электрондук кезекти киргизүүнү тездетүү зарыл. Региондун жана бүтүндөй өлкөнүн экономикалык потенциалын олуттуу жогорулата турган дагы бир кадам, кытай стандарттары боюнча аккредитацияланган лабораторияны түзүү болушу мүмкүн. Анын иши Кытайга экспортубузду көбөйтөт. Буга чейин мындай лабораторияны Хоргосто ачуу планы бар. Бул долбоорду тез арада ишке ашыруу үчүн Кытайдан келген кесиптештер менен диалогду активдештирүү зарыл.
Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Жетисуудагы 100 миллион гектардан ашык жер пайдаланылбай жатканын, анын жарымы мамлекеттин менчигине өтө электигин билдирди. Президент бул жерлердин баары кайтарылып, дыйкандарга адилет бөлүштүрүлөөрүн айтты. Облустук акимчилик бул маселени жеке көзөмөлүнө алышы керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Жети-суу облусунун айыл чарбасындагы мүмкүнчүлүктөрү зор. Табияты жайлуу, жери берекелүү. Бул жерде жер да, суу да жетет. Болгону аны эффективдүү пайдалануу керек. Менин тапшырмам боюнча Өкмөт быйыл 5 миллион гектарга жакын бош жаткан жерди мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Айылдардын жанындагы жер тартыштыгын ушинтип чечебиз. Кайтарылып алынган жерлер жергиликтүү дыйкандарга калыс бөлүштүрүлүшү керек. Бул адилеттүү коомду түзүү үчүн жасалган маанилүү кадам болот.
Мындан тышкары, президент өкмөт облустук акимчилик менен биргеликте Талдыкорганда ири чет элдик технологиялык университеттин филиалын ачуу маселесин иштеп жатканын белгиледи. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы болчу. Университетте айыл чарба, өнөр жай, туризм жана санариптик технологиялар тармагында адистер даярдалат. Бул аймактарга жаштарды тартуунун жана жергиликтүү экономиканы жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоонун жолу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков