Казакстан eGov системасын Монголияга экспорттоого даяр.
Бул тууралуу санариптик өнүгүү министри Улан-Батордо эки өлкөнүн ишкерлер
кеңешинин биринчи жыйынында билдирди. Жаслан Мадиев белгилегендей, Электрондук
өкмөт долбоору өлкөнүн мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү иштеринен
пайдаланууга мүмкүндүк берет. Алардын 90%ы онлайн режиминде берилип жатат. Ата
Мекендик тармактык мекеменин башчысы ошондой эле эл аралык Astana Hub технопарын
өнүктүрүү, чет өлкөдө IT -хабдарын түзүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба тууралуу
айтып берди. Ал санариптик технологиялардын экспорту бүгүнкү күндө Казакстандын
өнүгүү стратегиясында өзгөчө орунду ээлеп, кызматташтык жана инновациялар үчүн
жаңы горизонтторду ачарын баса белгиледи.
Жаслан Мадиев, санариптик өнүкүрүү, инновация жана
аэрокосмостук өнөр жай министри:
- Санариптештирүү жана санариптик өнүмдөрдү экспорттоо -
биз жигердүү алга жылдырууну пландап жаткан багыттардын бири. Монголия
санариптештирүүнү, атап айтканда, электрондук өкмөттүн өнүмдөрүн жигердүү
өнүктүрүп жатканын, ошондой эле бул жерде жалпы жагдайлар бар экенин биз көрүп
турабыз. Алар менен акселерациялык программаларыбызды бөлүшө алабыз.
Эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашууга келсек, ал жыл
сайын өсүп жатат. Буга сандар далил. Өткөн жылы өз ара соода 133 миллион
долларды түзсө, 2024-жылдын сегиз айында 84 миллион долларга жеткен. Анын
басымдуу бөлүгү Казакстанга туура келет. Республика Монголияга азык-түлүк,
мотор, унаа жасоо өнүмдөрүн экспорттойт. Ал эми Казакстанга темир жол
вагондору, курулуш материалдары, эт жана текстиль алынып келинет. Эми өлкөлөр
өз ара сооданы 500 миллион долларга жеткирүүнү максат кылышууда. Ал үчүн
олуттуу дарамет бар.
Дуурэн Тумэнжаргал, Монголиянын улуттук соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу мүдүрү:
- Монголиянын бизнеси үчүн Казакстан менен экономикалык
мамилелерди өнүктүрүү абдан стратегиялык мааниге ээ, анткени бул биздин эң
жакын үчүнчү коңшубуз. Айрыкча транспорт жана логистика жаатында.
Габидолла Оспанкулова, ТИМнин инвестициялар боюнча
комитетинин төрагасы:
- Монголия жез жана алтын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү
алдыңкы мамлекет. Бул өлкөдө чоң тажрыйба бар. Аталган республика Казакстандагы
биргелешкен ишканага инвестиция салууга кызыкдар. Бул кол коюла турган эң
маанилүү 6 документтин бири. Мындан тышкары, өлкөлөр туризм тармагында
кызматташууга даяр. Талгар районуна инвестициянын суммасы 5 млн долларды түзгөн
туробъект куруу көздөлүп жатат.
Казакстан-Монгол Ишкерлер кеңешинин биринчи отурумунун
жыйынтыгы боюнча бир катар ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу
макулдашылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков