Казакстанда «ачык асман» режими кеңейтилди. Азыр бул тизмеде өлкөнүн 15 аэропорту бар. Эми Урал шаары ошол эле тартипте иштейт. Шаардын аба кемесине бешинчи даражадагы «аба эркиндигин» пайдалануу укугу берилди. Тиешелүү документке транспорт министри кол койду. Бул жаатта аталган система баарынан мурда чет элдик авиакомпанияларга Казакстандын шаарлары аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чектөөсүз учууга мүмкүндүк берерин белгилей кетүү керек. Мындан тышкары, тармактык министрликтин маалыматында, өлкөгө «ачык асман» режимин киргизүү жаңы чет элдик авиакомпанияларды тартууга, атаандаштыкты жогорулатууга жана ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Эскерте кетсек, бул иш мамлекет башчысынын учуулардын географиясын кеңейтүү жана эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков