Бул Корея, Жапония, Кытай, ЕАЭБ, Кавказ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна жол ачууга мүмкүндүк берет. Кытай Эл Республикасынын инвесторлору долбоорду ишке ашырууга каражат бөлүүгө даяр. Казакстандын инвестициялык кызматташуу агенттигинин маалыматы боюнча, логистикалык хаб учурда курулуп жаткан Алматыны айланып өтүүчү темир жол линиясынын боюнда курулат. Объектте жүктөрдү жеткирүүнүн жаңы альтернативдүү жолдорун киргизүү жана транзиттик ташууларды көбөйтүү үчүн бажы кампаларынын моделин иштеп чыгуу мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 24 миллиард доллардан ашкан. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 34%га жогору. Өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүндөгү Казакстандык өнүмдүн Кытайга экспорттоонун үлүшү 15,5%дан ашыкты түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков