Казакстандын Премьер-министри орусиялык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстандын Премьер-министри орусиялык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстан менен Орусия товар жүгүртүүнү 30 миллиард долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Бул үчүн тараптар өз ара аракеттенүүнү арттырууну көздөшүүдө. Москвада Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Айта кетсек, өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү өсүп жатат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ал дээрлик 28 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда эки тараптуу кызматташуунун жакшы натыйжасын агроөнөр жай комплекси көрсөтүүдө. Транзиттик жана транспорттук чөйрөдө өз ара аракеттенүү эффективдүү жүрүүдө. Эл аралык «Түндүк-Түштүк» коридорунун чыгыш тарабы боюнча жүк ташуу 2,4 миллион тоннага чейин өстү. Тараптар өз ара соодада оң динамиканы сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Мындан тышкары, өлкөлөрдүн энергетика, космос жана өнөр жай жаатындагы долбоорлору талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков