Алматыда автокомпонент өндүрүүчү завод ишке кирди

Алматыда автокомпонент өндүрүүчү завод ишке кирди

Алматыда казак тилин интеграциялоо менен автоунаалар үчүн мультимедиялык системалардын биргелешкен Казакстан-Түштүк Корея өндүрүшү ачылды. Kazakhstan Mobility Engineering заводуна салынган инвестиция 15 жарым миллиард теңгени түздү. Өндүрүштү локалдаштырууга жана казакстандык автоунаа тармагын колдоого багытталган жаңы ишкана Түштүк Кореялык өнөктөш технологиясы менен иш алып барат. Мотрекс компаниясы дүйнө жүзү боюнча ири автоунаа компаниялары үчүн мультимедиа тутумдарынын глобалдык камсыздоочусу. Жалпысынан, долбоор локализациянын жогорку үлүшү менен өндүрүштүн бүтүндөй циклин түзүүнү карайт. Ошол эле учурда атамекендик чийки заттарды жана компоненттерди пайдалануу мерчемделүүдө. Алматы индустриалдык аймагында автоунаалар үчүн отургучтарды, желим буюмдарды чыгаруучу заводдор жана логистикалык хаб ишке кирери күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков