Бүгүн мамлекет башчысы Корея Республикасынын
Улуттук Ассамблеясынын төрагасы У Вон Шик менен жолугушту. Түштүк Корея
Казакстандын Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Касым-Жомарт Токаев Корея
өлкөсү менен көп кырдуу кызматташтыктын динамикалуу өнүгүшүн белгилеп,
тараптардын парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү боюнча
аракеттерин колдоорун билдирди. Бул - саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
байланыштарды мындан ары чыңдоонун маанилүү механизми. Өз кезегинде У Вон Шик
бардык багыттар боюнча казак-корей байланышын тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков