Казакстанда электрондук коммерция рыногунун субъекттери үчүн бирдиктүү экосистема түзүлүүдө. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге Улуттук почта операторунун башкармалыгынын төрайымы билдирди. Асел Жанасованын айтымында, бул үчүн компания фулфилмент-борборлорун өнүктүрүп, популярдуу ички жана тышкы рыноктордо буйрутмаларды кабыл алуу пункттарын ачып, кампалар менен жеткирүү терминалдарынын тармагын кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, Казакстандын эң алыскы булуң-бурчтарында жаңы филиалдарды ачуу, ошондой эле Актөбе, Түркестан жана Алматы облустарында логистикалык түйүндөрдү куруу каралууда. Ал эми ушул аптада алардын бири Астанада ачылат. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы компанияны каржылык жактан чыңдоо боюнча иштерди улантууну жана айылдык калктуу конуштарга көрсөтүлүүчү социалдык жана мамлекеттик кызматтардын спектрин кеңейтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков
ТЕГИ: Казпочта,
Асел Жанасова, мамлекет башчы