Казакстандын президенти Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын жөнөттү

Казакстандын президенти Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын жөнөттү

Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампты мамлекет башчысы кызматына киришүүсүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Эске салсак, АКШнын 47-Президентинин инаугурациясы кечээ Вашингтондо өттү. Телеграммада Казакстан менен АКШнын ортосундагы энергетика, ядролук жайылтпоо жана эл аралык коопсуздук чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да ийгиликтүү өнүктүрүүгө ишеним билдирилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков