Казакстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Казакстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда

Казакстан Европа Биримдиги үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда. Бул тууралуу Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Астанада жүргөн учурунда билдирди. Ал Астана менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде виза режимин жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Жогорку деңгээлдеги конок алдыда дагы көп иштер күтүп турганын, бирок Казакстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгү сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгып жатканы азыртан эле көрүнүп турганын баса белгиледи. Мындан тышкары, Еробиримдик өлкөнүн эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Эки тараптуу товар жүгүртүү жыл сайын 45 миллиард еврону түзөт жана бул чек эмес, деп белгиледи Дэвид О’Салливан.


Дэвид О’Салливан, Европа Биримдигинин санкцияларды ишке ашыруу боюнча эл аралык атайын өкүлү:


– Менин сапарым Казакстан Өкмөтү менен түзүлгөн диалогдун алкагында өтүүдө. Экономикадан тышкары талкуулаган дагы бир тема – санкцияларды айланып өтүүнүн алдын алуу. Бул жерде, өзгөчө, курал-жарак жасоого колдонула турган компоненттери бар товарлар жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондой эле каржы системаларына байланыштуу маселелерди талкууладык. Албетте, иш эч качан бүтпөйт – алдыда дагы көп иштер күтүп турат. Казакстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда деп ишенимдүү айта алам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков