Казакстан Республикасынын
Президенти-Куралдуу Күчтөрдүн Башкы Кол башчысы Касым-Жомарт Токаев Коргоо министри Даурен
Косановду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы армиянын күжүрмөн даярдыгын
чыңдоо, башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү, атайын операция
күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык жана идеологиялык иштердин
натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле аскердик инфраструктураны
модернизациялоо боюнча конкреттүү милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

