Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Синьхуа агенттигине көлөмдүү интервью берди. Мамлекет башчы КЭР менен кызматташууну жогору баалап, Казакстан Кытай менен ишкер мамилелерди жандандырууга кызыкдар экенин билдирди. Буга негизда жок эмес. Өткөн жылдын аягында Кытай Казакстанга төрт ири чет элдик инвестордун бири болуп, 2023-жылы түз инвестицияга 2 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 16 пайыздан көп. Жалпысынан Кытайдын Казакстандын экономикасына салган инвестициясы 25 миллиард доллардан ашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Казакстан
Кытайдын амбициялуу «Бир алкак, бир жол» долбоорун толугу менен колдойт жана
биздин улуттук стратегиялардын мындан аркы интеграциясына жигердүү катышууга
даяр. Жалпысынан Кытай менен көп кырдуу мамилелерибизди мындан ары тереңдетүү
боюнча чоң пландарды түзүп жатканыбызды белгилегим келет. Ал үчүн бардык зарыл
шарттар түзүлгөн. Биздин өз ара аракеттенүүбүздүн азыркы жогорку өсүш темпин
эске алуу менен, өз ара соода жүгүртүүнү 100 миллиард долларга жеткирүү
милдетин аткаруу толук мүмкүн экенине ишенем.
Мамлекет башчы Кытайдын төрагасынын Астанага мамлекеттик сапары жемиштүү болоруна ишеним билдирди. Муну менен катар, бул айдын эң маанилүү жыйыны ШКУнун саммити тууралуу да сөз болду. Касым-Жомарт Токаев аталган уюм Астана саммитинен тарта толук кандуу «Шанхай ондугу» форматында иштей турганын баса белгиледи. Уюм ушул убакка чейин 150дөн ашык иш-чараны жетектеген. Саммиттин жыйынтыктоочу чечимдери «Шанхай рухунун» негизги принциптерин – өз ара ишенимди, достукту, өз ара пайданы жана бири-биринин кызыкчылыгын эске алууну толугу менен камтыйт деп күтөбүз», - деди президент.
Которгон: Илгиз Жамалбеков