Президент «ЯНДЕКС GLOBAL» компаниясынын башкы мүдүрүн кабыл алды

Президент «ЯНДЕКС GLOBAL» компаниясынын башкы мүдүрүн кабыл алды

Өткөн жылы «Yandex Qazaqstan» компаниясы өлкөгө 29,5 миллиард теңге салык төлөгөн. 2016-жылдан бери өлкө экономикасына 225 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаевдин «Яндекс Global» компаниясынын башкы мүдүрү Даниил Шулейкону кабыл алуусунда айтылды. Мамлекет башчысы компаниянын санариптик трансформацияга жана чакан жана орто бизнести колдоого кошкон салымын жогору баалады. «Яндекс Global» жетекчиси Астанада жаңы инновациялык долбоорлорду ишке киргизүү пландарын белгилеп, AI-Sana программасына катышууга даяр экенин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков