ЕАЭБ Соту: Жасалма интеллект сот тутумун өнүктүрүүдө маанилүү курал болот

ЕАЭБ Соту: Жасалма интеллект сот тутумун өнүктүрүүдө маанилүү курал болот

Жасалма интеллект сотторду алмаштырбайт, бирок сот тутумун өнүктүрүү үчүн маанилүү курал боло алат. Бул тууралуу Орусия Федерациясынан ЕАЭБ сотунун судьясы Наталья Павлова телеканалга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, санариптик технологиялардын тез өнүгүшү шартында сот тутуму жаңы чындыкка ыңгайлашууга тийиш. Бул жерде кеп чечимдерди кабыл алууну машиналарга өткөрүп берүү жөнүндө эмес, күнүмдүк ишти жеңилдетүү — укуктук маалыматтардын чоң көлөмүн талдоо, соттук тажрыйбаны тутумдаштыруу жана жарандар менен бизнес үчүн сот адилеттигине жетүүнү тездетүү тууралуу болуп жатат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Астанада жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол койгонун эске алганда, бул багыт дагы кеңейтилет. Мындан тышкары, Наталья Павлова соттук жол-жоболорду заманбап технологияларга ылайыкташтыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тактап айтканда, видеоконференция байланышын киргизүү, чечимдердин электрондук аткарылышы жана процессуалдык ченемдерди өркүндөтүү каралууда. Анын айтымында, ЖИ темасы бүгүнкү күндө улуттук соттор үчүн да, эл аралык соттор үчүн да актуалдуу.

Наталья Павлова, Орусия федерациясы Евразия экономикалык союзу сотунун судьясы :

– Бүгүнкү күндө жасалма интеллект коомдук мамилелердин дээрлик бардык чөйрөлөрүнө таасир этүүдө. Эске алуу керек болгон эң башкы нерсе, сот, ал дагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин, жарандардын, адамдын укуктарын коргоого багытталган, ал эми адам да жасалма интеллект чөйрөсүнө тартылган жана сот адилеттиги анын укуктарын жаңы чындыкта натыйжалуу коргой алгандыгы жалпысынан биздин жарандарыбыздын, бизнестин жана биринчи кезекте экономикага багытталган экономикалык биримдигибиздин бакубаттуулугуна, жыргалчылыгына көз каранды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков