Жасалма интеллект
Казакстандын экономикасынын реалдуу секторуна жигердүү кирүүдө. Астана-хабда
өткөн IT-хакатондо мунай жана газ өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга
жөндөмдүү стартаптар тааныштырылды. Катышуучулар операцияларды автоматташтыруу
жана чыгымдарды азайтуу боюнча заманбап чечимдерди сунушташты. Мындай
жаңычылдыктын бирин инженер Темирлан Жарылгамысов иштеп чыккан. Анын «Акылдуу
маршруттук системасы» атайын техникалардын жайгашкан ордун, жүгүн жана жолдо
жүргөн убактысын эсепке алуу менен, аларды автоматтык түрдө башкарат.
Темирлан
Жарылгамысов — долбоордун иштеп чыгуучу-инженери:
– Адатта
суроо-талап түшкөндө, мисалы, тоо-кен аймагына техника керек болсо,
диспетчерлер кайсы жабдык бош экенин кол менен текшеришет. Айдоочуга телефон
чалып, макулдашуу убакытты талап кылат. Биз мунун баарын автоматташтырдык. Тутум
техниканын кайда экенин, кийинки чекитке качан жетерин өзү аныктайт. Бул
адамдын эмгегин жеңилдетип, бизнестин кирешесин арттырат.
Стартаптар
процесстерди оптималдаштыруу үчүн гана колдонулбастан, IT инноваторлору өндүрүш
үчүн эң маанилүү милдеттердин бирине – эмгек коопсуздугун жогорулатууга да оң
таасирин тийгизет. Мухаммад Ханапья ишканалардагы тобокелдиктерди жасалма
интеллект аркылуу алдын ала аныктай турган платформаны сунуштады.
Мухаммед Ханапья —
Ai-платформанын иштеп чыгуучусу:
– Жасалма интеллект тез-тез кайталануучу
окуяларды талдап, болжолдойт. Башкача айтканда, келечекте коопсуз иш агымын
түзүү үчүн натыйжалуу сунуштарды бере алат. Ошентип, окуяларга өз убагында чара
көрүү ылдамдыгы жогорулайт. Анткени учурда орточо 72 саат талап кылынат. Жасалма
интеллектке негизделген автоматташтырылган системабыз бул ишти төрт саатта
бүтүрөт. Эгерде биз бул өнүккөн чечимди ийгиликтүү сынап, оптималдуу моделин
түзсөк, аны Казакстандын аймактарына жана КМШ өлкөлөрүнө киргизүүнү пландап
жатабыз. Идеябыз ишке ашса, ойлоп табуучулукту башка чет элдик рынокторго
чыгарууга аракет кылабыз.
Адистердин
ишениминде, бул технологияларды мунай-газ тармагында гана эмес, тактык жана
коопсуздук маанилүү болгон бардык өндүрүш тармактарында ийгиликтүү колдонууга
болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

