Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын Тышкы иштер
министрин кабыл алды. Мамлекет
башчысы Дэвид Кэмерондун Казакстанга сапары эки тараптуу мамилелерди
өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жагынан маанилүү экенин айтты. Анын үстүнө тараптардын
соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын, анын ичинде энергетика,
«жашыл» экономика, каржы,
инновациялар тармагындагы кызматташууну чыңдоо үчүн чоң дарамет бар. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери
жетекчилеринин ортосунда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык
боюнча келишимдин маанилүүлүгүн көңүлдөн тыш калтырган жок. Президенттин
айтымында, бул комплекстүү документ көп кырдуу байланыштарды кеңейтүүгө бекем
негиз түзөт. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды
тереңдетүүгө, билим берүү жана жаштарды колдоо ишине өзгөчө көңүл бурулду. Муну
менен катар,
тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча
пикир алмашты.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүз – Улуу
Британия менен ортодогу өз ара
натыйжалуу кызматташтыктын жигердүү өнүгүп келе жатканына кубанычтабыз. Биз
өз ара өнөктөштүгүбүздү мындан ары да бекемдешибиз керек.
Дэвид Кэмерон, Улуу
Британиянын Тышкы иштер министри:
- Мен бул жерге 11 жыл мурун эки өлкөнүн ортосундагы
стратегиялык диалогду баштоо үчүн келгем. Бүгүн Казакстандын тышкы иштер
министри менен стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча келишимге кол
койдук. Энергетика, билим берүү, бизнес жана маданият тармактарында
кызматташууну бекемдеп, элдердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө
кызыктарбыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков