Казакстан Азия инвесторлору үчүн абдан тартымдуу. Серепчилердин пикири боюнча, бул жагынан республиканын дарамети чоң. Казакстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун серепчиси Бауыржан Аукен Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн Боао форумунда сынаганын айтат. Президент глобалдык азык-түлүк туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ата мекендик айыл чарбасын колдонууну көздөп жатканын билдирди. Өлкө казынасы дүйнөгө керектүү уран, литий жана титанга бай. Казакстан эл аралык өнөктөштөр менен сейрек металлдарды казып алуудан тышкары чийки затты терең иштетүүгө даяр. Жашыл технология жана жасалма интеллект тармактары да күч алды. Өлкө инновациялык IT долбоорлорду сары континенттин алдыңкы технологиялык гиганттары менен бирге жасоого кызыктар. Бул багытта Кытай тарап менен келишимдер түзүлүүдө. Айта кетчү жагдай, Казакстан КЭРдин Борбордук Азиядагы негизги экономикалык өнөктөшүнө айланды. Мисалы, өткөн жылы өз ара соода-алака 41 миллиард долларды түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Өсүү 22%ды түздү. Кытайдан Европага кургак жол менен ташылган жүктүн 80% Казакстан аркылуу өтөт. Бул транзитте Азия менен Европаны байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту басымдуулук кылат. Бул дагы өлкөгө инвестиция тартуунун уникалдуу булагы, дейт серепчи.
Бауыржан Аукен, КСИИ Азиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн ага серепчиси:
- Мамлекет башчысы өзүнүн иш сапарынын алкагында форумда «Орто коридорду» өнүктүрүүгө чоң көңүл бурду. Бул Казакстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасына, Борбордук Азия элинин жыргалчылыгын жогорулатууда чоң мааниге ээ маселе болуп саналат. Маселен, мамлекет башчысы бул «Орто коридор» аркылуу 3 миллион тонна жүк ташылганына, бир нече жылдын ичинде бул көрсөткүч 10 миллион тоннага жетээрине чоң көңүл бурду. Муну менен катар, Казакстан «Түндүк-Түштүк» багытындагы коридорду өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков