Кыргызстан-Казакстан: Соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетет

Кыргызстан-Казакстан: Соода жүгүртүү 2 млрд долларга жетет

Казакстан менен Кыргызстан өз ара соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин жеткирүү ниетинде. Казакстан 260 миллион долларга 195 товар позициясы боюнча экспортту көбөйтүүгө даяр. Азык-түлүк, өнөр жай, мунай-химия, курулуш, фармацевтика жана башка да тармактардын дарамети чоң.  Бишкекте өткөн жолугушууда Казакстандын өкмөт башчысы менен Кыргызстандын президенти билим, маданият жана туризм тармактарындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле, өкмөттүк деңгээлде коңшу өлкөнүн башчысынын Астанага боло турган расмий сапарына даярдык көрүү маселеси каралды. Айыл чарбачылыгындагы кызматташтыктын дараметин толук ачуу үчүн эки өлкөнүн өкмөттөрү өнүмдөрдүн өз ара жеткирүүлөрүн көбөйтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү боюнча чараларды кабыл алууга макулдашты. Олжас Бектенов 2024-жылкы вегетациялык мезгилде мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарбачылыгы объекттеринин иштөө режимдерин бекитүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар, эки өлкөнүн өкмөт башчылары казак-кыргыз чек арасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана жүк ташуучулар үчүн транзитти тартымдуу кылуу боюнча аткарылып жаткан иштердин темпи тууралуу сөз кылды. 

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-Министри:  

- Мамлекет башчыларыбыз эки өлкө ортосундагы союздук өнөктөштүктү өнүктүрүү менен тереңдетүүгө өзгөчө маани берет. Биздин негизги максатыбыз – алдыга коюлган милдеттерди жогорку деңгээлде натыйжалуу жана сапаттуу ишке ашыруу. Быйылкы жылы биздин ишмердүүлүгүбүз эки тараптуу форматта да, биргелешкен интеграциялык бирикмелердин алкагында да жаңы оң натыйжалар менен айырмаланат деп ишенем. Жалпысынан Казакстан Өкмөтү орток кызыкчылыктарыбызга жооп берген бардык максаттарга биргелешип катышууга даяр. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков