Казакстан менен Орусиянын көп пландуу кызматташтыгы бардык
багыттар боюнча ийгиликтүү өнүгүүдө, ал эми саясий диалог жаңы, болуп
көрбөгөндөй жогорку динамиканы көрсөтүүдө. Мунун баары эки өлкөнүн
биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экендигин президент Касым-Жомарт Токаев
Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин менен жолугушуу учурунда
билдирди. Мамлекет башчысы жакында эле Орусия Федерациясына болгон мамлекеттик
сапарынын жемиштүү жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, президент
Владимир Путин менен болгон жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки өлкөнүн ар
тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын өнүгүшүнө олуттуу
түрткү берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

