Казакстанда негизги УБТ башталды

Казакстанда негизги УБТ башталды

Казакстанда негизги улуттук бирдиктүү тест башталды. Ал 14 аймакта теке айынын 5не чейин уланат. Ал эми суу ташкыны болгон 6 аймакта сынак кийинкиге калтырылып, бугу айынын 25нен теке айынын 12си аралыгында  өткөрүлөт. Былтыркыга салыштырмалуу тест тапшыргандардын саны 20 миңге көбөйгөн. Быйылкы жылы жалпысынан билимин тастыктоого 181 миңге жакын абитуриент каалоосун билдирген. Алардын 75%ы казак тилинен, ал эми 25%га жакыны орус тилинен сынак тапшырууну чечишкен. Болгону 221 адам англис тилин тандады. Быйыл гранттык сынакка катышуу үчүн беш мүмкүнчүлүктөн эки негизгиси эсепке алынат. Адаттагыдай эле 5 предметтен 120 суроого электрондук форматта жооп берүү керек. Бул бүтүрүүчүлөргө тесттин жыйынтыгын дароо алууга мүмкүндүк берет. Бул жаатта айта кетчү жагдай, быйылкы жылы тесттин ачыктыгына жана коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасы жакшыртылган.

Болатбек Абдрасилов, илим жана жогорку билим берүү министрлиги улуттук тестирлөө борборунун мүдүрү:

-Азыр көптөгөн заманбап технологиялар бар. Быйыл биз бул башкарууга жасалма интеллектке негизделген программаны кошууну көздөп жатабыз. Ал аркылуу тест жүргүзүүнү көзөмөлдөөнүн дагы бир жакшы жолун табабыз. Азыр биз сыноодон өтүп жаткан инфраструктурага мониторинг жүргүзгөн, анын коопсуздугун көрүп турган, кандай кырдаалдар боло турганын алдын алган атайын программаларды кошуп жатабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков