Өлкөдө мектеп окуучуларынын билим сапатына баа берилет

Өлкөдө мектеп окуучуларынын билим сапатына баа берилет

Чын куран айынын 15-26 аралыгында Казакстандын мектептеринде окуучулардын билим жетишкендиктеринин мониторинги жүргүзүлөт. Окуу-агартуу министрлигинен билдиришкендей, ага 2500гө жакын билим берүү мекемелеринин 4-9-класстарында билим алып жаткан 150 миңдей окуучу катышат. Мониторинг сабаттуулуктун үч багыты, башкача айтканда, окуу сабаттуулугу, математика жана табигый илимдер боюнча жүргүзүлөт. Окуучулар тестти электрондук форматта тапшырат. Белгилей кетсек, билим берүү жетишкендиктеринин мониторинги окуучулардын билим сапатын изилдөөгө багытталган Казакстандын улуттук изилдөө куралы болуп саналат. Ал окуу программаларынын эффективдүүлүгүн баалоого, ошондой эле, окуу процессинин начар жактарын аныктоого мүмкүндүк берет. Быйыл тесттик тапшырмалар PISA, PIRLS, TIMSS эл аралык баалоо моделдерин эске алуу менен жаңыртылды. Адистердин айтымында, мониторингдин жыйынтыгында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ар бир аймак жана конкреттүү билим берүү уюмдары боюнча комплекстүү талдоо жана методикалык сунуштар иштелип чыгат. Белгилей кетсек, казакстандык система учурда эл аралык аккредитациядан өтүп жатат.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков