Бүгүн Акордада Монголиянын президентин расмий тосуп алуу аземи
болду. Ухнаа-гийн Хурэлсух Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Президенттер өз делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Ардактуу кароолдун башчысы
куттуктоо рапортун берип, андан соң эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Президенттер тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Касым-Жомарт Токаев Монголиянын лидеринин визити эки өлкөнүн ортосундагы
мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди. Алака тездик менен
өнүгүп жатат. Мамлекет башчынын 2024-жылы Монголияга жасаган мамлекеттик иш
сапарынан кийин кызматташуу стратегиялык деңгээлге жетип, 11 документке кол
коюлуп, 2027-жылга чейин кызматташуунун жол картасы бекитилген. Өткөн жылы
өлкөлөр 130 миллион доллардан ашык соода жүргүзүп, жүгүртүүнү дээрлик 8%га
көбөйтүшкөн. Экспорттук-импорттук байланышты 500 миллион долларга жеткирүү
максаты коюлган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Товар жүгүртүү жыл сайын өсүүдө. Өнөр жай тармагында конкреттүү
долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Бүгүн борбор калаада казак-монгол
бизнес-форуму өтүп жатат, ага бир катар монгол компаниялары катышууда. Биз бул
демилгени толугу менен колдойбуз жана колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Ухнаа-гийн Хурэлсух, Монголия Президенти:
– Достук мамилелерди мындан ары чыцдоо жана соода-экономикалык
кызматташтыкты эффективдүү кеңейтүү Монголиянын тышкы саясатынын артыкчылыгы болуп
саналат. Акыркы эки жылдын ичинде биз көптөгөн мамлекеттер аралык маанилүү
мамилелерди биргелешип ишке ашырып, кызматташуубузду жаңы деңгээлге көтөрүүгө
жетишкендигин белгилегим келет. Жогорку мыйзам чыгаруучу органдар эки өлкөнүн
ортосундагы ишенимди чыңдоодо өзгөчө маанилүү роль ойнойт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Мал чарба өнүмдөрүнүн эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык
келишин камсыздоо бүгүнкү күндө принципиалдуу мааниге ээ. Казакстанда айыл
чарба жаныбарларын илдеттерден коргоо үчүн эффективдүү вакцина өндүрүшү жолго
коюлган. Биз өзүбүздүн ата мекендик вакцинаны Монголияга жеткирүүгө кызыкдарбыз
жана келечекте биргелешкен өндүрүштүк ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп
жатабыз. Казакстан Монголиянын Жерди аралыктан зонддоо системасын түзүү боюнча
пландарын колдоого даяр, биз дагы бул тармак үчүн квалификациялуу адистерди
даярдасак болмок.
Маданий-гуманитардык
кызматташтык эки тарап үчүн дагы бир орток нерсе. Касым-Жомарт Токаев былтыр
күздө Астанада өткөн Silk Way Star эл аралык вокал сынагында монгол ырчысы
Мишель Джозефтин жеңишин белгиледи. Ошондой эле Казакстан Монголиянын
жарандарына жыл сайын берилүүчү билим берүү гранттарынын санын көбөйтүүгө даяр,
деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Мындан тышкары Улан-Батордо Казакстандын
алдыңкы университеттеринин биринин филиалын түзүү сунушу айтылды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпысынан 13 документке кол коюлду.
Касым-Жомарт
Токаев Монголиянын президентин «Алтын кыран» ордени менен сыйлады. Мамлекет
башчысы жогорку мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу казак элинин ага болгон терең
урматын чагылдырарын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

