Жалпы улуттук коалиция Акмола облусуна барды

Жалпы улуттук коалиция Акмола облусуна барды

Парламент Мажилисинин төрагасы башында турган «Адилеттүү жана прогрессивдүү Казакстан үчүн элдик конституция» жалпы улуттук коалициясы Акмола облусунда болду. Ал жерде коомчулук, жаштар, спортчулар, эмгек жамааттары жана туризм тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. Ерлан Кошанов жаңы Конституциянын мамлекет үчүн маанисин белгилеп, өлкө жаңы тарыхый мезгилге кирип жатканын айтты. Төмөнкү палатанын спикери Элдик кеңешти түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, жаңы коомдук институт коомдук диалогду сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

– Бул бүткүл Казакстан элинин кызыкчылыгын көздөгөн жогорку консультативдик орган болот. Ассамблеянын бүткүл инфраструктурасы, уникалдуу тажрыйбасы сакталып, ишин улантат. Элдик кеңеш региондорду, жарандык коомду жана этномаданий бирикмелерди бир бүтүнгө бириктирет. Демек, элибиздин көп улуттуу үнү күчөйт, үч эсеге көбөйөт. Бул Ассамблеянын топтолгон тажрыйбасын эске алуу менен мыйзам чыгаруу күн тартибин өз алдынча түзө турган бирдиктүү үй-бүлө болот.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары көз карандысыздыкты бекемдөө, адамдык капиталды өнүктүрүү, эмгек адамын жана жаштарды колдоо үчүн жаңы Баш мыйзамдын маанисин баса белгилешти. Адилеттүүлүк, социалдык коргоо, коопсуз эмгек шарттары, маданий жана табигый мурастарды сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков