Казакстан Африкадагы EGOV технологиясын киргизүүгө көмөктөшө

Казакстан Африка мамлекетине электрондук өкмөт долбоорун өнүктүрүү максатында техникалык жардам көрсөтөт. «KazAID» эл аралык өнүктүрүү агенттигинин маалыматы боюнча, Egov санариптик компоненттери Сьерра-Леонеге колдоо үчүн берилди. Казакстандык IT программаларды экспорттоо боюнча меморандумга ылайык, «Smart Bridge кызмат көрсөтүү тармактары», «Мамлекеттик органдар ресурстарынын бирдиктүү платформасы» жана «Smart Data Ukimet» маалыматтык-талдоочулук системасы берилди.  Бүгүнкү күндө казакстандык делегация Сьерра-Леоненин IT программаларды киргизүүнү улантуу багытында маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын баалоо иштерин жүргүзүүдө.

 

Дмитрий Мун, маалыматтык технологиялар башкарма төрагасынын милдетин аткаруучу:

 

-Азыркы учурда биз өнүмдөрдү киргизүүнү тездетүү үчүн кайда иштешибиз керектигин түшүнүү үчүн Сьерра-Леонедеги инфраструктуралык талдоолорду жана учурдагы ченемдик укуктук актыларды текшерүүнү улантып жатабыз. Муну менен катар биз бул куралдарды колдонуу үчүн Сьерра-Леонедеги мамлекеттик органдар менен түз окутууну баштайбыз. Биз бул өнүмдөрдү орнотууну толук ишке ашыруу үчүн серверлерди тиешелүү талаптар менен камсыздайбыз.

 

Белгилей кетсек, Казакстан электрондук өкмөт боюнча эл аралык рейтингде жогорку орундарга ээ. Республика электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде 193 мамлекеттин ичинен 28-орунду ээледи. Казакстан онлайн кызмат көрсөтүү боюнча 8-орунга жайгашты.   

Которгон: Илгиз Жамалбеков