Анын айтымында, өткөн жылы жалпы эл аралык резервдик фонддун көлөмү, анын ичинде алтын-валюталык жана улуттук фонддун активдери кыйла өскөн. Рынокто экинчи даражадагы банктардын экономикага насыяларын бөлүштүрүүнүн көлөмү дээрлик 23 пайызга көбөйгөн. Алардын ичинен бизнеске берилген насыялардын үлүшү өстү: 14 пайызга жакын. Өткөн жылы экономиканын долларлашуу көрсөткүчү 31 пайыздан ашык төмөндөгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Fitch Ratings жана S&P эл аралык агенттиктери Казакстандын көз карандысыз рейтингине карата "туруктуу" деген божомолду "BBВ" деңгээлинде тастыкташты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков