Президент Касым-Жомарт Токаев Вьетнам
Республикасына расмий сапары менен барды. Ханойдун «Ной-бай» аэропортунда
мамлекет башчысын Вьетнамдын президентинин аппаратынын башчысы Ле Кхань Хай
жана башка жогорку даражалуу жетекчилер тосуп алышты.
Касым-Жомарт Токаев баштаган Казакстандын
делегациясы алгач Ба Динь аянтында жайгашкан улуттук баатырлардын эстелигине
жана Хо Ши Миндин мавзолейине барып, гүлчамбар коюшту. Бул аянт Азия мамлекети
үчүн тарыхый чоң мааниге ээ. Дал ушул жерде 1945-жылы аяк оона айынын 2де
Вьетнамдын көз каранды эместиги жарыяланган.
Казакстан менен Вьетнам жыл аягына чейин өз ара соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Үстүбүздөгү жылдын алты айында бул көрсөткүч АКШ валютасында 600 миллионду түздү. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Вьетнамдын президенти Во Ван Тхыонг менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-логистикалык, агро өнөр жайлык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
Мен Казакстандын президенти катары сиздердин өлкөгө биринчи жолу келип жатам. Мен бул сапарга маани берем. Казакстанда сиздердин өлкөгө жана Вьетнам элине чоң урмат-сый менен мамиле кылынгандыгын белгилегим келет. Вьетнамдын экономикалык жетишкендиктери биздин мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз болот. Биз эки республиканын ортосундагы экономикалык жана саясий мамилелерди баса белгилейбиз жана Вьетнамдын экономикалык чоң дарамети менен анын эл аралык аренадагы кадыр-баркын жогору баалайбыз.
Өз кезегинде Во Ван Тхыонг бул сапар эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын кайра жанданышына жаңы дем берерине ишенимин билдирди.
Во Ван Тхыонг, Вьетнам социалисттик республикасынын президенти:
Казакстан мындан ары да өнүгүп, дүйнөдө жана аймактагы стабилдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошот деп ишенем. Вьетнам улут-азаттык күрөшү менен мамлекеттин биригүүсүнө жана азыркы өнүгүшүнө казак калкынын көрсөткөн жардамын эч качан унутпайт жана ыраазычылык билдирет. Биз Казакстан менен салттуу достук мамилелерге чоң маани беребиз жана сиздин өлкөңүздү Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында жалпысынан 12 документке кол коюлган. Алардын арасында эки өлкөнүн жарандарын визалык режимден бошотуу, мунай-газ тармагына инвестиция тартуу, электрондук сооданы өнүктүрүү, туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумдар бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков