Мамлекет башчысы Жогорку Эсептөө палатасынын төрайымы Наталья Годунованы кабыл алды

Мамлекет башчысы Жогорку Эсептөө палатасынын төрайымы Наталья Годунованы кабыл алды

Казакстанда 121 объектте 12 текшерүү жүргүзүлдү. Президент Касым-Жомарт Токаевге Жогорку Эсептөө палатасынын Төрайымы үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчет берди. Наталья Годунова мамлекет башчыга Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигине, Эмгек жана элди социалдык коргоо министрлигине караштуу уюмдарга, ошондой эле башка мекемелерге өзүнчө текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды келтирди. Жыйындын соңунда мамлекет башчысы бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун текшерүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды жүктөдү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков